Ачык эшик күнү

IMG-20240426-WA0047.jpg

Ачык эшик күнү

Бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү жана үгүттөө иштерин жүргүзүү максатында окуу жайда "Ачык эшик күнү" салтанаттуу иш чарасы өткөрүлдү.
Иш чарага Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, N52 кесиптик лицейдин директору жамааты менен, Арал айыл башчысы, N6 Арал орто мектебинин директору, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жетекчилер жана эң негизгиси мектеп бүтүрүүчүлөрү келишти.
Алгач чакырылган конокторго нан ооз тийгизилип, орундуктардан орун берилди.
Иш чара кесиптер боюнча тайпалардын парады менен башталды. Аскерге чейин даярдоо жетекчиси Ахмедов Бакыт окуучулардын катарга тизилгендиги боюнча окуу жайдын директоруна билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолгон соң окуу жайдын жетекчиси Мустапакулов Алмазбек Пайгамбаркулович иш чаранын ачылышын жасап, келген конокторго сөз берилди.
Ар бир сөз сүйлөгөн жетекчи окуу жай жөнүндө жакшы пикирлерин билдирип, окуучуларды кесипке үндөп жатышты.
Иш чаранын жүрүшү окуучулардын курал чачып-жыйноо көндүмдөрүн көрсөтүү жана концерттик программа менен коштолду.
Кесиптер боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, бүтүрүүчүлөр айыл чарба техникалары, устакааналар жана окуу кааналар менен таанышышты.
Ошондой эле кол өнөрчүлүк, жыгач усталык жана ширетүү иштери боюнча көргөзмөлөрдүн жарманкеси жайылып, кондитердик татуу азыктар сатыкка коюлду.
Бүтүрүүчүлөргө майрамдык түшкү тамак тартылып, "дискотека" уюштурулду.
Акырында, келген конокторубузга ыраазычылык билдирип, шаңдуу маанайда узатып алдык, буйруса...

Квалификациялык экзамен

IMG-20240426-WA0017.jpg

Квалификациялык экзамен

Кыска мөөнөт менен окутулуп жаткан экинчи курстун катышуучулары дагы бүгүн "Электр ширетүүчү" кесиби боюнча квалификациялык экзамен тапшырышты.
Курстун катышуучулары алгач теориялык суроолорго жооп берип, андан соң берилген тапшырмаларды практика жүзүндө аткарып беришти.
Ар бир кесип ардактуу дегендей, ар бири алган кесиптерин аркалаган кесипкөй адистерден болсун деп тилек кылабыз.

Артыкчылык адистиктердин фестивалы

IMG-20240426-WA0049.jpg

Артыкчылык адистиктердин фестивалы

Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык "Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун колдоосу менен кесиптик билим берүү тармактарын өнүктүрүү үчүн кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди жана иш берүүчүлөрдү тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 15.03.2024-жылдагы N408/1 буйругу жетекчиликке алынып, Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейлердин арасында "Артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы" коомдук массалык иш чарасы өткөрүлдү.
Коомдук иш чара N75 кесиптик лицейдин базасында уюштурулуп, 36, 52, 60, 71, 63, 68, 77, 89 жана 108 кесиптик лицейлер катышышты.
Конок катары чакырылган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана мектептин бүтүрүүчүлөрү окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, аткарган иштерине күбө болушту.
Аталган иш чарага катышкан биздин окуу жайдын "Электр жана газ менен ширетүүчү" жана "Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн устаты" кесиптери боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттары жана окуучулары өз кесиптеринин артыкчылыктарын даңазалашып, "мастер-класс" көрсөтүштү.
Иш чаранын жүрүшүн коомчулукка чагылдыруу максатында кызмат өтөп жүргөн Жалал-Абад УТРКнын кызматкерлеринин көңүлү биздин агайлардын кол өнөрчүлүктөрүнө бурулуп, иш үстүндө интервью алынды.

Аракетке - берекет

 IMG-20240426-WA0018.jpg

Аракетке - берекет

Жаз башталгандан бери дагы бир чоң иш бүткөрүлдү...
Окуу жайдын ашканасында суу түтүктөрү жок болгондугуна байланыштуу ушул күнгө чейин күнүмдүк керектелүүчү суу ар күнү нөөмөт менен кудуктан ташылып турчу. Бул ашкана жумушчуларына да, устаттарга да, окуучуларга да ыңгайсыздык жаратып, алардын убактыларына кедергисин тийгизип келди.
Көйгөйлүү маселени жоюу жаңы келген жетекчи Алмазбек Мустапакуловдун иш пландарынын сап башында турса да, ошол кездеги каржы маселеси кендирди кесип турган мезгил эле.
Ар бир иштин убакты сааты болот дегендей, бүтөөр иштин болжолу ушул жазга туш келип, эрте жаздан иш башталды.
Ага устат Шамшиев Эркинбек агай жетектеген өндүрүштүк окутуу устаттар менен окуучулардын аракети астында арыктар казылып, суу түтүктөрү жаткырылды.
Ал эми чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Атамкулов Медербек баштаган жумушчу топ сантехникалык иштерди аткарышты.
Натыйжада, окуу жайдын ашканасы ысык суу, муздак суу менен камсыз болуп, санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлдү.

Вперед