Артыкчылык адистиктердин фестивалы

IMG-20240426-WA0049.jpg

Артыкчылык адистиктердин фестивалы

Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык "Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун колдоосу менен кесиптик билим берүү тармактарын өнүктүрүү үчүн кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди жана иш берүүчүлөрдү тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 15.03.2024-жылдагы N408/1 буйругу жетекчиликке алынып, Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейлердин арасында "Артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы" коомдук массалык иш чарасы өткөрүлдү.
Коомдук иш чара N75 кесиптик лицейдин базасында уюштурулуп, 36, 52, 60, 71, 63, 68, 77, 89 жана 108 кесиптик лицейлер катышышты.
Конок катары чакырылган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана мектептин бүтүрүүчүлөрү окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып, аткарган иштерине күбө болушту.
Аталган иш чарага катышкан биздин окуу жайдын "Электр жана газ менен ширетүүчү" жана "Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн устаты" кесиптери боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттары жана окуучулары өз кесиптеринин артыкчылыктарын даңазалашып, "мастер-класс" көрсөтүштү.
Иш чаранын жүрүшүн коомчулукка чагылдыруу максатында кызмат өтөп жүргөн Жалал-Абад УТРКнын кызматкерлеринин көңүлү биздин агайлардын кол өнөрчүлүктөрүнө бурулуп, иш үстүндө интервью алынды.