Жазгы эс алуу...
Жазгы жамгырдан кийин ого бетер көркүнө чыккан жаратылыштын сулуулугу көңүлдү сергитип, жан дүйнөнү эргитет.
Мына ушундай эргүү менен таза абада эс алууну эңсеген окуучулар аба ырайынын абалына карабай табияттын койнун көздөй сапар алышты.
Сапар тээ алыстагы тоо этегинде жайгашкан эс алуучу жайга алып барды.
Жапжашыл айлана, жайкалган көк шиберде эс алышкан окуучулар топ ойношту, ыр ырдашты, тоого чыгышты...
Бир аз болсо да, виртуалдык дүйнөдөн алыстап, натуралдуу дүйнөнүн кучагында болушту... Кыскасы, бүл күндү өзгөчө маанайда өткөрүштү...
Окуучулардын коопсуздугу кошо барган агай-эжекелердин көзөмөлүндө болду.