Аракетке - берекет
Жаз башталгандан бери дагы бир чоң иш бүткөрүлдү...
Окуу жайдын ашканасында суу түтүктөрү жок болгондугуна байланыштуу ушул күнгө чейин күнүмдүк керектелүүчү суу ар күнү нөөмөт менен кудуктан ташылып турчу. Бул ашкана жумушчуларына да, устаттарга да, окуучуларга да ыңгайсыздык жаратып, алардын убактыларына кедергисин тийгизип келди.
Көйгөйлүү маселени жоюу жаңы келген жетекчи Алмазбек Мустапакуловдун иш пландарынын сап башында турса да, ошол кездеги каржы маселеси кендирди кесип турган мезгил эле.
Ар бир иштин убакты сааты болот дегендей, бүтөөр иштин болжолу ушул жазга туш келип, эрте жаздан иш башталды.
Ага устат Шамшиев Эркинбек агай жетектеген өндүрүштүк окутуу устаттар менен окуучулардын аракети астында арыктар казылып, суу түтүктөрү жаткырылды.
Ал эми чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Атамкулов Медербек баштаган жумушчу топ сантехникалык иштерди аткарышты.
Натыйжада, окуу жайдын ашканасы ысык суу, муздак суу менен камсыз болуп, санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлдү.