Ачык эшик күнү

IMG-20240426-WA0047.jpg

Ачык эшик күнү

Бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү жана үгүттөө иштерин жүргүзүү максатында окуу жайда "Ачык эшик күнү" салтанаттуу иш чарасы өткөрүлдү.
Иш чарага Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, N52 кесиптик лицейдин директору жамааты менен, Арал айыл башчысы, N6 Арал орто мектебинин директору, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жетекчилер жана эң негизгиси мектеп бүтүрүүчүлөрү келишти.
Алгач чакырылган конокторго нан ооз тийгизилип, орундуктардан орун берилди.
Иш чара кесиптер боюнча тайпалардын парады менен башталды. Аскерге чейин даярдоо жетекчиси Ахмедов Бакыт окуучулардын катарга тизилгендиги боюнча окуу жайдын директоруна билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолгон соң окуу жайдын жетекчиси Мустапакулов Алмазбек Пайгамбаркулович иш чаранын ачылышын жасап, келген конокторго сөз берилди.
Ар бир сөз сүйлөгөн жетекчи окуу жай жөнүндө жакшы пикирлерин билдирип, окуучуларды кесипке үндөп жатышты.
Иш чаранын жүрүшү окуучулардын курал чачып-жыйноо көндүмдөрүн көрсөтүү жана концерттик программа менен коштолду.
Кесиптер боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, бүтүрүүчүлөр айыл чарба техникалары, устакааналар жана окуу кааналар менен таанышышты.
Ошондой эле кол өнөрчүлүк, жыгач усталык жана ширетүү иштери боюнча көргөзмөлөрдүн жарманкеси жайылып, кондитердик татуу азыктар сатыкка коюлду.
Бүтүрүүчүлөргө майрамдык түшкү тамак тартылып, "дискотека" уюштурулду.
Акырында, келген конокторубузга ыраазычылык билдирип, шаңдуу маанайда узатып алдык, буйруса...