Жазгы эс алуу

IMG-20240426-WA0035.jpg

Жазгы эс алуу...

Жазгы жамгырдан кийин ого бетер көркүнө чыккан жаратылыштын сулуулугу көңүлдү сергитип, жан дүйнөнү эргитет.
Мына ушундай эргүү менен таза абада эс алууну эңсеген окуучулар аба ырайынын абалына карабай табияттын койнун көздөй сапар алышты.
Сапар тээ алыстагы тоо этегинде жайгашкан эс алуучу жайга алып барды.
Жапжашыл айлана, жайкалган көк шиберде эс алышкан окуучулар топ ойношту, ыр ырдашты, тоого чыгышты...
Бир аз болсо да, виртуалдык дүйнөдөн алыстап, натуралдуу дүйнөнүн кучагында болушту... Кыскасы, бүл күндү өзгөчө маанайда өткөрүштү...
Окуучулардын коопсуздугу кошо барган агай-эжекелердин көзөмөлүндө болду.

Кесиптик программаларды аккредитациялоо

12345.jpeg

Кесиптик программаларды аккредитациялоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.10.2016-жылдагы N525 Токтомунун 3-тиркемесине ылайык окуу жайда окутулуп жаткан кесиптерди көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча "Эл баасы" аккредитациялык агенствосу менен келишим түзүлдү.
Агенствонун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Чынара Бабакулова жамаат менен жолугушуп, программалык аккредитациялоонун стандарттары менен тааныштырып, түшүндүрүү иштерин өткөрүп берди.
Бүгүнкү күндө окуу жайда өзүн-өзү баалоо иш чарасы кызуу жүрүп жаткан кез.

Кесипке багыт берүү

123.jpg

Кесипке багыт берүү

Жаңы 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо туура багыт берүү максатта кесипке багыт берүү иш чаралары өз ишин улантып жатат.
Окууга тапшыруу онлайн форматта да жүргүзүлөт. Андыктан алыста элем дебей, аралыктан да катталсаңыздар болот.
Урматтуу, абитуриент! Эгерде, биздин кесиптер сиздин тандооңузга туура келген болсо, комментарийге телефон номериңизди калтырыңыз. Биз сиз менен байланышып, кененирээк маалымат бергенге дайым даярбыз.