Окуу жайы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 3-сентябрь 1979-жылындагы №137 токтомунуну негизинде Арал совхозунун базасында №24 СПТУ болуп ачылган. Ал эми 1984-жылы Кыргыз ССРинин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин 3-сентябрьдагы №176 буйругуна ылайык №68 кесиптик-техникалык окуу жайы болуп кайрадан уюштурулган.

2008-жылы 4-апрелден баштап юридикалык жактан мамлекеттин кайра каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде жалпы билим берүү уюм катары статусу бекемделип, жалпы орто билим берүү программаларынын окутууга жана мамлекеттик үлгүдөгү аттестат берүүгө укуктуу болгон.

2009-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №150/1 буйругунун негизинде №68 кесиптик лицей деген статус берилген.

Алгачкы уюштурулганда окуу жайы курулуш багытындагы жумушчу адистерди даярдап чыгарган.

1980-жылдан 1995-жылга чейин төмөндөгүдөй кесиптер боюнча квалификациялуу адистерди даярдалган.

Тактап айтканда, 3 жылдык мөөнөт менен төмөндөгүдөй кесиптер боюнча окуутулар жүргүзүлгөн:

01

Жыгач устачылык

02

Шыбакчы-сырдоочу

03

Кеңири профилдеги тракторист-машинист

04

Бычмачы-тигүүчү

05

Кыш кыноочу

Ал эми бир жылдык окуу мөөнөтү менен:

01

Электр жана газ менен ширетүүчү.

02

Айыл чарба курулушунун устаты.

03

Ашпозчу-кондитер.

04

Автомобиль айдоочу.

05

Айыл чарба эсепчиси.

Ошол мезгилде окуу жайда окуучуларга терең билим берүү үчүн кырктан ашык инженердик-педагогикалык кызматкерлер эмгектенишкен.

15 теориялык кабинет, автотренажер кабинети, слесардык, жыгач устачылык жана кыш кыноочу жана шыбакчы боюнча устаканалар иштеген.

Андан тышкары окуучулардын теориялык билимдерди практикалык түрдө үйрөтүү үчүн 5 трактор, 5 автоунаа иштеп турган.

Окуу жайы ачылгандан бүгүнкү күнгө чейин 6 миңге жакын ар кандай кесиптеги жумушчу адистер даярдалып чыгарылды.

Бүтүп чыккан адистер Республикабыздын ар кайсы жер жерлеринде үзүрлүү эмгектенишип жатышат.

Окуу жайды уюштурууда, материалдык-техникалык база менен камсыз кылууда жана тийиштүү кадрлар менен толуктоодо өтө чоң эмгек сиңирген алгачкы директор, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүнүн отличниги, маркум Аракулов Азиреткул – 1979-1983-жылга чейин окуу жайды жетектеген.

1983-1990-жылга чейин окуу жайды Назирбаев Токтогул жетектеди.

1990-2005-жылдын август айына чейин Турдумбетов Асылбек жетектеди.

2005-2008-жылга чейин Мустапакулов Алмазбек Пайгамбаркулович жетектечи болуп иштеди. Мустапакулов Алмазбек Пайгамбаркуловичтин жетекчилиги астында окуу жайдын спорт залынын жана актовый залынын чатырлары жабылып, “АРИС” долбоорунун алкагында окуу жайдын айланасынын тосмолору алмаштырылды.

2008-2022-жылга чейин Токтополотов Таалайбек Кимсанбаевич жетекчилик кылып, окуу жайдын актовый залы толук ремонттон өткөрүлүп, жатаканын чатыры алмаштырылды, ашкананын тамак ичүүчү эки залынын полдору бетон менен тегизделди.

01.11.2022-жылдан баштап окуу жайда Мустапакулов Алмазбек Пайгамбаркулович кайрадан жетекчилик кызматын аткарып келе жатат. Ал дайындалган күндөн баштап окуу жайдын ишмердүүлүгү алдыга жылып, материалдык-техникалык базасы чыңала баштады. Тактап айтканда:

- таптакыр жараксыз абалда турган Т28Х3, МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторлор, ГАЗ-5312 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, “Деу-Нубира” үлгүсүндөгү жеңил автоунааларга толук капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө өндүрүштүк окутуу сабактарга жана унааны жеке айдап үйрөтүүгө колдонулуп жатат;

- эскилиги жетип, дубалдары урап бараткан имараттардын чатырлары жабылып, калыбына келтирилди;

- окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып, “Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн устаты” кесиби боюнча 997100 сомдук заманбап жапжаңы жабдуулар сатылып алынды;

- окуу кааналар парта, стулдар жана техникалар менен толукталды;

- окуу жайдын китепканасына кошумча 4600 даана китеп менен толукталды;

- окуу жайдын ашканасына суу түтүкчөсү тартылып, ысык суу, муздак суу менен камсыздалды;

- “Ашпозчу-кондитер” кесибинин өндүрүштүк окутуу сабагы боюнча тийиштүү шарты бар лабороториялык окуу каанасы даярдалды;

- жатаканын айланасы темир тосмо жана пескоблок материалдары менен тосмолонду;

Демөөрчүлөр тарабынан окуу жайга төмөндөгүдөй материалдык жардамдар алынып келинди: - окуу жайдын жатаканасынын жараксыз болуп турган бөлмөлөрүнө капиталдык ремонт жүргүзүлүп, жалпы суммасы 50000 сомдук 10 комплект (диван, матрас, жаздык, жаздык кап, төшөк) жана 40 орундук темир керебеттер менен толукталып, 80 орундук пайда болдду; - “Деу-Нубира” жеңил автоунаасы – 314622 сомдук; - “ГАЗ-3110” жеңил автонуаасы – 173343 сомдук; - 2 комплект компьютер– 50000 сомдук; - 1 даана проектор – 10000 сомдук;

Жергиликтүү калктын жана жумуш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарына ылайык төмөндөгүдө жаңы кесиптер ачылды.

“Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн устаты” – 2-жыл

“Ашпозчу – кондитер” - 2 жыл

“Тикмечи” - 2-жыл

“В” категориясындагы автомобиль айдоочусу - 2,5 ай

“В,С” категориясындагы автомобиль айдоочусу – 3,5 ай

“А” категориясындагы трактор айдоочусу - 3 ай